Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы толугу менен сууга толтурулду

Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы толугу менен сууга толтурулду

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы 100%га суу менен толукталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, суу сактагычтын жалпы узундугу – 3.16 км, максималдуу бийиктиги – 24.5 м.с. түзүп, жалпы 11.1 миң гектар аянтты сугат суу менен камсыз кылат, анын ичинен:

· Аламүдүн району – 2.6 миң га;

· Сокулук – 8,4 миң га.

2023-жылдын 26-апрелине карата суу сактагычтагы суунун көлөмү 51.2 млн.м3 түзүп, жалпы көлөм 100 %га жетти. Курулманын тынымсыз иштеши жана суу пайдалануучуларды сугат суу менен туруктуу камсыз кылуу үчүн кышы менен обьектиде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.

Бир жума аралыгында Аламүдүн жана Сокулук райондоруна сугат суу бөлүштүрүлө баштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.  Мыйзам 2026-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Мыйзамдын максаты мамлекеттик алым төлөөдө жарандар үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.  Мыйзамда мамлекеттик алымды банкоматтар, төлөм терминалдары, интернет-банкинг, электрондук

Айт маарек болсун!

Айт маарек болсун!

Урматтуу "Ишкер медианын" окурмандары! Сиздерди бүгүнкү Ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз! Орозо айы – Аллахтын ырайымына бөлөнүү, адамдык сапаттарды чыңдоо жана адеп-ахлакка бекем туруунун учуру болсо, Орозо Айт майрамы – бизди жакшылыкка, биримдикке, ыйманга жана сүйүүгө чакырган берекелүү күн болуп саналат. Ушундай ыйык күндө сиздерге - бакубат жашоо, кемибес

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан автоунаа экспорту 2026-жылдын башынан бери 1,5 эсеге өскөнүн Кытай автоөндүрүүчүлөр ассоциациясы билдирди. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын алгачкы эки айында Кытайдан экспорттолгон автоунаалардын саны 1,35 млн даанадан ашып, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 48,4%га көбөйгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, жаңы энергия булактарында иштеген автоунаалардын (NEV) экспорту 110%

Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 21,6 млрд кВт/саат болот

Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 21,6 млрд кВт/саат болот

Кыргызстанда электр энергиясына болгон суроо-талап 2030-жылга карата 21,6 млрд киловатт-саатка чейин өсөрүн Евразия өнүктүрүү банкынын тармактык талдоо борборунун улук аналитиги Демир Кабылбаев 19-мартта энергетикалык өтүү боюнча баяндама презентациясында билдирди. Маалыматка ылайык, 2024-жылы фактикалык керектөө 18,3 млрд кВт·с түзгөн (2025-жылдын жыйынтыгы боюнча — 19,3 млрд кВт·с). Диаграммага