«Альянс Алтын» кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн экспортунун өсүшүнө түрткү берет
«Альянс Алтын» компаниясы бүгүн Бишкекте өткөн TradEx соода системаларынын көргөзмөсүнүн биргелешип уюштуруучусу катары чыкты.
Эл аралык ишкерлер кеңеши менен биргеликте өткөрүлгөн иш-чарага 20дан ашык экспоненттер, 20 эл аралык уюм жана элчиликтер, 300гө жакын жергиликтүү компаниялар катышты. Катышуучулар чек ара соодасындагы бардык негизги преференциялар менен таанышууга, бизнестин актуалдуу маселелерин талкуулоого, идеялар менен алмашууга жана жаңы өнөктөштөрдү табууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты.
«Биздин көптөгөн ишканалар атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды чыгарып, экспорттоого даяр. Биз аларга өз потенциалын ишке ашырууга жардам берип, ошондуктан көргөзмөгө катышууну каалайбыз. Мүмкүн болушунча көп ата мекендик ишканалар өз товарлары менен тышкы рынокко чыгып, ал жактан күчтүү орунду ээлейт деп ишенебиз», — дейт «Альянс Алтын» ЖЧКсынын долбоордук менеджери Баканов.
«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке бардык зарыл салымдарды кошуп, Талас облусунун өнүгүшүнө түрткү берет. Анын ичинде анын экспорттук потенциалын ишке ашыруу. Ишкананын иштөө мезгилинде Талас облусун өнүктүрүү фондуна 377.2 млн сом, Талас районун өнүктүрүү фондуна 226.3 млн сом, Бекмолдоев айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фондуна 150.9 млн сом которулган.
Компаниянын социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашырган өзүнүн Өнүктүрүү фонду да бар. Ал аркылуу буга чейин 900 млн сомдук 565 долбоор каржыланган.
TradEx көргөзмөсүнүн жүрүшүндө КР президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов «Альянс Алтын» ЖЧКсынын Талас облусунун экономикасына кошкон салымын белгиледи. Компаниянын аркасы менен бул аймак 2022-жылы түшкөн инвестициянын көлөмү боюнча Кыргыз Республикасындагы лидерлердин бири болуп калды.
«Талас облусуна инвестициянын жалпы агымы $107.2 млн түзсө, анын $104.5 млн «Альянс Алтын» ишканасы иштеген Талас облусуна келген», — деди ал.