Кыргызстанга италиялык бизнес делегациясы келди
Экономика жана коммерция министрлигинин жетекчилиги италиялык бизнес-делегациянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууга ошондой эле төмөнкүдөй иш алып барган италиялык компаниялардын өкүлдөрү катышты, мисалы:
- Matter Economy srl – жашыл курулуш" жана КРда BIM прогрессивдүү технологиялык моделдерин киргизүү чөйрөсүндө - имараттарды/курулуштарды долбоорлоо, куруу жана башкаруу процессин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү курулуш маалыматтык моделдөөгө адистешкен;
- Airmec компаниясы – абаны тазалоо үчүн технологиялык системаларды өндүрүү, ошондой эле жылуулук электр станциялары жана кичи ГЭСтер аркылуу кайра жаралуучу булактардан энергия өндүрөт;
- Trivellazioni Italia Srl компаниясы – жолдорду, көпүрөлөрдү куруу, карьерлерди казуу, артезиан скважиналарын бургулайт;
- «Италияда жасалган» брендин дүйнөгө жайылтуу үчүн Кампания аймагындагы италиялык бренддик кийим өндүрүүчүлөр менен кызматташып жаткан модельер А.Ламбиазе. Ал аймактык текстиль комбинатынын ээси болуп саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергиянын кайра жаралуучу булактары, калдыктарды кайра иштетүү жана биогаз өндүрүү тармагындагы долбоорлорду, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле инновациялык ыкмаларды, технологияларды жана материалдарды киргизүү максатында адистерди окутууну уюштуруу боюнча эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле италиялык өндүрүштү КРда жайгаштырууга мүмкүн маселелерин талкуулашты.