Ысык-Ата дарыясында ГЭСтин курулушу улантууда
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата дарыясында курулуп жаткан кичи ГЭСтин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер, анын ичинде кичи ГЭСтерди курууга керектүү уруксат документтерин алуу боюнча орун алган көйгөйлүү маселелер талкууланды.
Бакыт Төрөбаев жыйындын соңунда бир катар тапшырмаларды берди.
Инвестициялык долбоорду айрым тармактарда, атап айтканда энергетика тармагында ишке ашырууда бажы төлөмдөрүнөн бошотуу каралган. Эгерде ЕАЭБ өлкөлөрүндө өндүрүлбөсө (же аз өлчөмдө чыгарылса) же ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоордун техникалык мүнөздөмөлөрүнө жооп бербесе, чийки зат жана материалдар үчүн бул жеңилдик берилет.