2023- жылдын 1-кварталында бюджетке 54.6 млрд сомго салык түштү
2023-жылдын 1-кварталында Мамлекеттик салык кызматы 54.6 млрд сомго салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрдү түшүүсүн камсыз кылган. Бул такталган болжолдон 102% түзсө, 1 млрд сомдон ашыкча түшкөн. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 7.9 млрд сомго көбөйүү менен 17%ды түздү.
Каражаттын ичинде салыктар жана төлөмдөр 4 млрд сом, болжол менен 39.5 млрд сомго, аткарылышы 101.3%ды түздү же 500.7 млн сомго ашыкча аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктык түшүүлөр жана төлөмдөр 3.6 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 110% түздү.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү 14.5 млрд сомду түзүп, 103.9%ды түздү, же 550.1 млн сомго ашыкча аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 4.2 млрд сомго көп чогултулуп, же өсүү темпи 141.6%ды түздү.