Коммерциялык банктардын кредиттик портфели 204.6 млрд сомду түздү
Банк секторунун кредиттик портфелинин көлөмү 204.6 млрд сомду түздү жана жыл башынан бери 0.3%га көбөйдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Такталгандай, банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы 344.9 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 1.8%га көбөйгөн;
Биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктар тарабынан республиканын 1492 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жалпы суммасы 707.3 млн сом жеңилдетилген кредиттер берилди.