Кыргыз фондулук биржасын капиталдаштыруу 90 млрд сомдон ашты
Кыргыз фондулук биржасынын капиталдаштыруусу 94 млрд сомдон ашты, ал эми биржанын индекси 2700 пунктка жакындады. Бул тууралуу маалымат биржанын сайтында берилген.
Ошентип, КФБнын индекси 2697.63 пунктка жетип, капиталдаштыруусу 94 млрд 6 млн сомдон ашты. Биржа мындай көрсөткүчкө 4-майдагы сооданын жыйынтыгынында жетти.