Баткендин ишкерлеринин кредиттерин эсептен чыгаруу мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

Баткендин ишкерлеринин кредиттерин эсептен чыгаруу мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

10-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндөгү» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, мыйзам долбоору минкаб токтомуна ылайык мурда бөлүнгөн 15 млн сом суммасындагы бюджеттик кредитти эсептен чыгаруу максатында иштелип чыккан.

Финансы министринин орун басары Улугбек Календеров чек арадагы жаңжалда жабыркаган 75 ишкерге 200 миң сомдон берилген кредитти кечүү сунушталганын маалымдап, аталган ишкерлер соода, коомдук тамактануу жана башка чакан ишканаларда иштегенин кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

«Ынтымак Ордонун» жанына LED-экран  орнотулду

«Ынтымак Ордонун» жанына LED-экран орнотулду

Президенттин Администрациясынын «Ынтымак Ордо» имаратынын түндүк тарабында LED-экран конструкциялары орнотулду. Президенттин басма сз катчысы Аскат Алагозовдун билдирүүсүнө караганда, LED-экран ири мамлекеттик иш-чаралардын, расмий аземдердин учурунда колдонула турган жаңы протоколдук элемент болуп саналат. Башкача айтканда, экран жогорку меймандарды тосуп алуу видеолорун жана протоколдук иш-чараларды чагылдыруу үчүн колдонулат.

Баалар Кыргызстанда азыр кандай?

Баалар Кыргызстанда азыр кандай?

Экономика жана коммерция министрлиги Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте социалдык маанидеги товарлардын (жалпысынан 16 товар) бааларын өлкө боюнча базарларды, супермаркеттерди, дүкөндөрдү жана гипермаркеттерди кошо алганда көзөмөлдөп жатканын билдирди.  Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата товарлардын орточо керектөө баасы (сом менен): * Буудай уну, биринчи сорттогу (жергиликтүү) – 35.1 * Буудай уну,

Венгрия Кыргызстанга 300 мегаваттык күн электр станциясын курат

Венгрия Кыргызстанга 300 мегаваттык күн электр станциясын курат

Венгриялык компания Кыргызстанда күн электр станциясын курары Будапештте өтүп жаткан кыргыз-венгер бизнес-форумунда белгилүү болгонун “Кабар” маалымат агенттиги жазды.   Форумдун жүрүшүндө КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Венгриянын Electron Holding компаниясынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандум түзүлдү.  Документте Кыргызстандын аймагында кубаттуулугу 300 МВтка чейинки күн электр станцияларын куруу каралган. Инвестициянын

ЕАЭБ өлкөлөрүнун ичинен Кыргызстандын бюджетинин профицити 1 млрд долларды түздү

ЕАЭБ өлкөлөрүнун ичинен Кыргызстандын бюджетинин профицити 1 млрд долларды түздү

Евразия экономикалык комиссиясынын статистика департаменти 2025-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстан бюджетинин профицити 1 млрд долларды түзгөнүн жарыялады.  Республикалык бюджеттин кирешеси 9 айда – 4,9 млрд долларды, чыгашасы – 3,9 млрд долларды түзгөн. Отчетто эсептөөдө финансылык эмес активдерди сатуу жана сатып алуу да эске алынганы айтылат. Бир жыл мурун 9 айыдын жыйынтыгы