4 айда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрдүн көлөмү 73.5 млрд сомду түздү
Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-апрель айларында 73 млрд 514.2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 1.2 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
4 айдын жыйынтыгы боюнча жыйымдар 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10.9 млрд сомго өстү.
Анын ичинде 53 млрд 810.1 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналып, план 500.9 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын 4 айына салыштырмалуу 5.7 млрд сомго көп чогултулду.
Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 19 млрд 704.1 млн сомду түзүп, план 704.1 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 5.2 млрд сомго көп.