Акылбек Жапаров Чүй облусундагы өндүрүш ишканаларын кыдырды

Акылбек Жапаров Чүй облусундагы өндүрүш ишканаларын кыдырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Сокулук районунда муниципалдык жаңы мал базарды куруу долбоору менен таанышты. Бул тууралуу минкаб маалымат кызматы билдирди.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 8 гектарды ээлеген мал базарынын ичине санитардык жана ветеринардык өтмөк кирет, малдарды түшүрүү жана жүктөө үчүн эстакада, 700 унаа үчүн унаа токтотуучу жай, ошондой эле 700гө жакын бодо мал жана мындан тышкары майда малдар батат.

Андан ары Жапаров Сокулук районундагы «Тянь-Шань Керамик» кафель чыгаруучу заводуна барды. Ишкана учурда өзүнүн продукциясын Россияга жана Казакстанга экспорттойт жана мында 350дөн ашуун адам эмгектенет.

Жумуш сапарынын соңунда Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы өнөр жай аймагында болгон Акылбек Жапаров, өнөр жай комплексин куруу долбоору менен таанышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан автоунаа экспорту 2026-жылдын башынан бери 1,5 эсеге өскөнүн Кытай автоөндүрүүчүлөр ассоциациясы билдирди. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын алгачкы эки айында Кытайдан экспорттолгон автоунаалардын саны 1,35 млн даанадан ашып, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 48,4%га көбөйгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, жаңы энергия булактарында иштеген автоунаалардын (NEV) экспорту 110%

Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 21,6 млрд кВт/саат болот

Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 21,6 млрд кВт/саат болот

Кыргызстанда электр энергиясына болгон суроо-талап 2030-жылга карата 21,6 млрд киловатт-саатка чейин өсөрүн Евразия өнүктүрүү банкынын тармактык талдоо борборунун улук аналитиги Демир Кабылбаев 19-мартта энергетикалык өтүү боюнча баяндама презентациясында билдирди. Маалыматка ылайык, 2024-жылы фактикалык керектөө 18,3 млрд кВт·с түзгөн (2025-жылдын жыйынтыгы боюнча — 19,3 млрд кВт·с). Диаграммага

Жалал-Абадда мыйзамсыз курулган соода борборунун иши токтотулду

Жалал-Абадда мыйзамсыз курулган соода борборунун иши токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Манас шаарындагы курулуш объектилеринин сапаты, мыйзамдуулугу жана курулуш талаптарынын сакталышы каралды. Натыйжада Б.Аттокуров көчөсүндө жайгашкан үч кабаттуу соода борбору уруксат берүүчү документтерсиз мыйзамсыз

Сузактагы паркка 90 млн сомдун каралышы суроолорду жаратты

Сузактагы паркка 90 млн сомдун каралышы суроолорду жаратты

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Сузак районундагы Октябрь айылындагы Тукубай Тайгараев атындагы паркты реконструкциялоо иштерин көзөмөлгө алды. Министрликтин башчысы Нурдан Орунтаев билдиргендей, бул объект башында эле баасы жогору коюлган долбоорлордун тизмесине киргизилген. Анын айтымында, парк үчүн жабдууларды сатып алууда бааларды жогорулатуу фактылары аныкталган, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштердин