Садыр Жапаров ШКУнун башкы катчысы Чжан Минди кабыл алды
КРнын президенти Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Чжан Минди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров ШКУнун Эл аралык Ысык-Көл марафонуна колдоо көрсөтүп, катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындай спорттук иш-чараларды өткөрүү элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө, ошондой эле ШКУнун эл аралык аренада позициясын көрсөтүүгө чоң салым кошуп жатканын баса белгиледи.
Мамлекет башчысы Кыргызстан ШКУга катышуусуна өзгөчө маани берерин жана Уюмга мүчө мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө мындан ары да кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин белгиледи.
Тараптар ШКУнун ишмердүүлүгүнүн бардык негизги аспектилери жана анын келечектүү багыттары боюнча ШКУнун алкагында жемиштүү кызматташууну мындан ары да чыңдоого үмүт артышты.