Кыргыз өкмөтү ИӨБ менен «социалдык контракт» долбоорун биргелешип ишке ашырууну сунуштады
Кыргыз өкмөтү «социалдык контракт» долбоорунун кийинки этабын Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду менен биргелешип ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу минкаб билдирди.
Демилгени КРнын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд Аравия Королдугуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фондунун башкы директору Хиба Мухаммед Али Ахмад менен жолугушууда көтөрдү.
Касымалиев ошондой эле кесиптик-техникалык багыттагы кадрларды даярдоо боюнча долбоорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Хиба Мухаммед Али Ахмад кыргыз тарап жарыялаган долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, мындан аркы кызматташуунун жагдайларын иштеп чыгууга даяр экенин белгиледи.