Мурдагы «Золотой дракон» ресторанынын имаратында «Гранд казино» ачылды.
Мурдагы «Золотой дракон» ресторанынын имаратында «Гранд казино» ачылган. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы жазып чыкты.
Басылманын маалыматына ылайык, кумаркана эки жума мурун ачылган, Кыргызстандын жарандарына кирүүгө тыюу салынган.
Эске салсак, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы «Гранд Казино» ЖЧКсына кумаркана ачууга лицензия берген. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, компаниянын жетекчиси жана негиздөөчүсү Абдыманапов Адилет Абдыманапович болуп саналат.
«Золотой дракон» рестораны Kaktus.media сайтына компания имаратты ижарага алганын жана казиного эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.