Кыргызстан менен Египет кызматташууну талкуулады
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев Египет Араб Республикасынын КРдагы элчиси Манал Элсайед Йехиа Эл Шиннави менен кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Тараптар ишке орноштуруу жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана миграция маселелери боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Египеттин элчиси өз сөзүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрин Каирге (Египет) 2023-жылдын 5-6-июнунда өтө турган экинчи министрлер конференциясына катышып берүүсүн суранды.