Мамкурулуш Ысык-Көлдө 146 мыйзамсыз эс алуучу жайларды аныктады
Мамкурулуш Ысык-Көл районунда 146 мыйзамсыз эс алуучу жайларды аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Такталгандай, Мамкурулуштун ведомстволор аралык комиссиясы ти ешелүү иштерди жүргүздү. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагында бардыгы болуп 146 объект аныкталды, анда шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзам бузуулар катталган.
Мамкурулуштун облустук архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан 146-объект боюнча материалдар сот жана укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.





