Ош облусунда жаңы кичи ГЭС ишке киргизилди
Ош облусунун Ноокат районунда жаңы кичи ГЭС ишке киргизилди. Бул тууралуу Ноокат райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кичи ГЭС жеке инвесторлордун каражатына курулган. Кошумчалай кетсек, Ош облусунун аймагында жеке ишкер дагы бир кичи ГЭСтин курулушун баштап жатат.
Жолугушууда Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев облустун мындан аркы ийгиликтүү кызматташуусуна жана келечекте ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

