Жалал-Абадда лицензиясыз валютаны алмаштыруу үчүн төрт кыргызстандыкка айып пул салынды
Жалал-Абадда КРнын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, КРБнын Жалал-Абад областтык башкармалыгы төрт жаранга (Х.К., М.Н.А., Ю.М.М. жана М.М.М.) ар бирине 17 500 сомдон айып пул салды.