«Ак-Жол-Автодорожныйда» уруксаат кагазы жок 25 кг зер буюмдар аныкталды
2023-жылдын 19-майында «Ак-Жол-Автодорожный» өткөрүү пунктунда уруксаат кагазы зер буюмдарды Казакстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Такталгандай, кыргызстандык жалпы салмагы 25 кг 925 күмүштөн жасалган зер буюмдарын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.
Учурда жогорудагы баалуу металлдарга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн жана келип чыгышын аныктоо ошондой эле милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуунун суммасы боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.