Ошто Ak-Buura Fashion Week-2023 Эл аралык мода жумалыгы аяктады
Ош шаарында алгачкы жолу Ak-Buura Fashion Week- 2023 Эл аралык мода жумалыгы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.
Иш-чарага Ош шаарынын жетекчилиги, шаардык кеңешинин депутаттары, маданият өкүлдөрү, чет элдик, жергиликтүү дизайнерлер жана шаар тургундары катышты.
Мода жумалыгынын алкагында, катышкандарга, көмөк көрсөткөндөргө жана салым кошкондорго ыраазычылык билдирилип, мыкты коллекцияларды тартуу кылган дизайнерлерге дипломдор ыйгарылып, баалуу белектер тапшырылды.
Салтанаттын негизги бөлүгүндө дизайнерлердин ар кандай аталыштагы эксклюзивдүү, улуттук кийимдердин дефиле-көргөзмөлөрү көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, мода жумалыгын «Подиум» мода, стиль жана сулуулук борбору уюштурду.






