КР менен ЕБ «жашыл» экономиканы колдоо боюнча макулдашууга кол коюшту
2023-жылдын 23-майында КРнын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Евробиримдиктин Жакынкы Чыгыш, Азия жана Тынч океан региону боюнча директору Петерис Устубс КР эки тараптуу кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу министрлик маалымдады.
Такталгандай, макулдашуу «Жашыл экономика» программасын каржылоосуна тийиштүү. КР ЭКМ Кыргызстандагы жашыл экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары жана жашыл экономиканы өнүктүрүүдө ЕБ, BMZ жана SDC негизги саясий өнөктөшү катары КР инклюзивдик жашыл экономикага карай биргелешкен аракеттерде кызматташуу. Жашыл экономика программасы жергиликтүү өндүрүүчүлөргө жана ишкерлерге алардын киреше алып келүүчү келечегин жана жашыл технологияларды колдонууну жакшыртууга колдоо көрсөтөт.
2020-жылдан бери Программа жашыл экономиканы моделдөө жаатындагы кызыкдар тараптардын потенциалын чыңдоого, жашыл тажрыйбаларды тандалган айыл чарба кошумча чынжырчаларына жана туризм секторуна интеграциялоого, жергиликтүү рынокто органикалык продукцияларды жана жашыл стандарттарды илгерилетүүгө жана коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга салым кошкон.