Электрондук мамлекеттик сатып алууларда кутум фактору жокко чыгарылды – Финансы министрлиги

Электрондук мамлекеттик сатып алууларда кутум фактору жокко чыгарылды – Финансы министрлиги

Электрондук мамлекеттик сатып алууларда кутум фактору жокко чыгарылды. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, министрликтин тарабынан мамлекеттик сатып алууларды электрондук форматка өткөрүү ишке ашырылган. Ошол эле учурда, мурда сатып алуу жол-жоболоруна катышууга табыштамалар конверттерде сатып алуучу уюмдун өзүнө кол менен берилген, башкача айтканда коррупциялык тобокелдик жана кутум фактору болгон, ал жокко чыгарылган.

«Бүгүнкү күндө бардык сатып алуучу уюмдар мамлекеттик сатып алуулардын электрондук веб-порталына которулду. Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бардык мамлекеттик мекемелер сатып алуулардын жол-жоболорун пландоодон баштап, мамлекеттик сатып алууларды жыйынтыктоого чейин электрондук форматта ишке ашыра башташты», - деп министрлик эскертти.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик сатып алуулар департаменти сатып алууларды пландаштыруу, сатып алуулар жөнүндө документтерди иштеп чыгуу, сатып алуу жөнүндө кулактандырууларды жарыялоо, сунуштарды ачуу, баалоо жана салыштыруу, жеңүүчүнү тандоо, контракт түзүү этабынан баштап сатып алуулар жол-жоболорунун бардык этаптарын өткөрөт, башкача айтканда жеткирүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар мамлекеттик сатып алуулар веб-порталы аркылуу сатып алуулар жол-жоболоруна катышууга өз табыштамаларын беришет, ошондой эле конкурстук комиссия кокустан тандоо методу менен мамлекеттик сатып алуулар порталы тарабынан автоматтык түрдө аныкталат.

Коомчулук тарабынан мамлекеттик сатып алуулардын электрондук форматына өтүү ийгиликтүү катары бааланып, кагаз форматын алып салуу аркылуу сатып алуулардын электрондук системасындагы жылыш катары бааланды. Ошондой эле, мамлекеттик сатып алуулар порталына эл аралык аудит жүргүзүлүп, анда системага тиешелүү баа берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Өлкөдө оор жүк ташуучу унааларга каршы жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында жүздөгөн мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө аймагында жүк ташуучу автоунааларга карата бир айлык рейддик иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара 19-февралдан 13-мартка чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп  берилди

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп берилди

Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) системасы, анын алкагында төлөнүп жаткан каражаттар жана аймактардагы сандык көрсөткүчтөр тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев маалымат берди. Анын айтымында, 2026-жылдын башынан 13-мартка чейин 28 миңге жакын айдоочу унаасын камсыздандырып, ОСАГО полисин алган. Бул 1,56%ды

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Ага тармактагы ассоциациялар жана бир катар ири мунай компанияларынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушууда калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу жана бааларды көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Нефтетрейдерлердин маалыматына ылайык, учурда

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек шаарында үлүштүк курулуштун катышуучулары үчүн техпаспортторду тариздөө жана келишимдерди каттоо боюнча убактылуу эрежелер киргизилерин шаар мэриясы билдирди. 2026-жылдын 12-мартындагы тескеме муниципалдык жер тилкелеринде курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Документ Кыргыз Республикасынын президентинин турак жайга болгон укуктарды каттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында кабыл алынган.