Кыргызстанда 423.5 км чарба аралык каналдарды оӊдоолуп тазаланды
2023-жылдын 15-май айына карата Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 423.5 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо иштери жүргүзүлдү. Ведомствонун ишмердиги тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Аткарылган иштерге төмөнкүлөр да кирди:
· 417 гидротехникалык курулмалардын, 164 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 5 суткалык жөнгө салуучу бассейндеринин тазалоо;
· 87 насостук станциялардын,
· 142 насостук агрегаттардын оӊдоо,
· 3 насостук агрегаттын жаӊылоо,
· 57.94 км коллектор-дренаждык тармактын тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Капиталдык оңдоолор титулдук планынын негизинде оңдоо калыбына келтирүү жана механикалык тазалоо иштери 2023-жылдын аягына чейин жүргүзүлөт.