Тышкы иштер министри Монголияга расмий сапары менен барат
КРнын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монголияга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Кулубаевди Монголиянын тышкы иштер министри Батмунхин Батцэцэгтин 2023-жылдын 29-30-майында Монголияга расмий сапары келип кетүүгө чакырган.
«Расмий сапардын алкагында кыргыз-монгол мамилелеринин бардык спектрин активдештирүү маселелерин, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө талкуулоо максатында жогорку деңгээлде жолугушуулар пландаштырылган», - деп белгиленди билдирүүдө.