Новосибирскте кыргыз этно-борбору ачылышы мүмкүн
Новосибирск шаарынын мэриясы «Супара» комплексинин үлгүсү боюнча этно-борбор ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу маалыматты КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маселени КРдын Новосибирск шаарындагы башкы консулу Айбек Айдарбеков менен Новосибирск шаарынын мэри Анатолий Локоть талкуулашты.
Локоть этно-комплекс шаардыктардын көңүлүн буруп, кыргыздардын көчмөн маданиятын, тарыхын жана каада-салтын жайылтуу борбору боло аларын белгиледи.
Мындан тышкары, россиялык тарап Сибирде жыл сайын кыргыз продукциясынын көргөзмө-жарманкесин уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.


