Эки айдын ичинде контрабанда таашыган 2 унаа конфискацияланды

Эки айдын ичинде контрабанда таашыган 2 унаа конфискацияланды

Апрель жана май айларында УКМК тарабынан контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган иш-чараларынын жүрүшүндө жеке адамдар тарабынан автотранспорт каражаттарын колдонуу менен аткезчилик жүктөрдү ташуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу мекеме эскертти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Кызыл-Кыя шаардык сотунун чечими менен, 2022-жылдын ноябрь айында контрабандалык жүк ташып бараткан «Хундай Портер» маркасындагы унаа эл керектөөчү товарлар түрүндөгү 1 млн 248 миң сомдук дары-дармек мамлекеттин эсебине алынган.

Ошондой эле, 19-майында Кадамжай райондук сотунун чечими менен 2023-жылдын март айында 599 миң сомдук күйүүчү-майлоочу май түрүндөгү контрабандалык жүк ташыган «Камаз» маркасындагы жүк ташуучу унаа мамлекеттин эсебине конфискацияланган. Мындан тышкары, буга чейин да контрабанда ишине пайдалангандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалган Mercedes-Benz Actros жана Hyndai Porter маркасындагы 2 унаа боюнча материалдар Баткен облусунун сот органдарында каралып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Өлкөдө оор жүк ташуучу унааларга каршы жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында жүздөгөн мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө аймагында жүк ташуучу автоунааларга карата бир айлык рейддик иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара 19-февралдан 13-мартка чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп  берилди

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп берилди

Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) системасы, анын алкагында төлөнүп жаткан каражаттар жана аймактардагы сандык көрсөткүчтөр тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев маалымат берди. Анын айтымында, 2026-жылдын башынан 13-мартка чейин 28 миңге жакын айдоочу унаасын камсыздандырып, ОСАГО полисин алган. Бул 1,56%ды

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Ага тармактагы ассоциациялар жана бир катар ири мунай компанияларынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушууда калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу жана бааларды көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Нефтетрейдерлердин маалыматына ылайык, учурда

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек шаарында үлүштүк курулуштун катышуучулары үчүн техпаспортторду тариздөө жана келишимдерди каттоо боюнча убактылуу эрежелер киргизилерин шаар мэриясы билдирди. 2026-жылдын 12-мартындагы тескеме муниципалдык жер тилкелеринде курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Документ Кыргыз Республикасынын президентинин турак жайга болгон укуктарды каттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында кабыл алынган.