«Альянс Алтын» КР бюджетине 28.4 млрд сом которду — компаниянын түзүлгөнүнө 10 жыл болду

«Альянс Алтын» КР бюджетине 28.4 млрд сом которду — компаниянын түзүлгөнүнө 10 жыл болду

2015-жылдан бери «Альянс Алтын» ЖЧКсы Кыргызстандын бюджетине 28.4 млрд сом которгон. 2025-жылдын апрель айында эле киреше 2 млрд сом түздү, анын 1.59 млрд сом алтынды сатуудан түшкөн салыктар. Тоо кен ишканасына 10 жыл толду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул убакыттын ичинде «Альянс Алтын» ачыктык, социалдык жана экологиялык жоопкерчилик принциптерине берилгендигин сактоо менен туруктуу өсүштү көрсөттү. Өлкөдө экинчи орунда турган Жерүй кени 2021-жылдан бери 17.6 тонна алтын өндүргөн. Руданы иштетүүнүн жылдык кубаттуулугу 1.3 млн тоннаны түзөт.

Ишкана Өнүктүрүү фондуна 1.2 млрд сом бөлгөн. Бул каражаттар мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди, спорттук имараттарды, маданий демилгелерди, жолдорду жана жарыктандыруу системаларын курууга жана колдоого жумшалды. Даректүү социалдык жардамга кошумча 317.8 млн сом бөлүндү.

Экологиялык демилгелерге жабык суу менен камсыздоо системаларын колдонуу, жерди мелиорациялоо, айлана-чөйрөгө дайыма мониторинг жүргүзүү кирет. Фаунаны калыбына келтирүү, анын ичинде марал жана кыргоолдорду чыгаруу, ошондой эле дарыяларды балык менен камдоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.

«Альянс Алтын» мындан ары да өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн, экономикалык өнүгүү, адамдардын бакубаттуулугу жана айлана-чөйрөнү коргоо ортосундагы тең салмактуулукту сактоо менен иштей бермекчи.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда бир заматта 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкканын South China Morning Post жазды. Жаңы ыкма Цинхуа университетинин окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Ал салттуу катмар-катмар басып чыгаруу ыкмасына эмес, таптакыр жаңы — голографиялык проекция технологиясына негизделген. Бул система тунук идишке жайгаштырылган басып чыгаруу материалын көз ирмемде катуу түзүлүшкө айлантат. Миллиметр өлчөмүндөгү үч

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Ташкентте шаарында Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылган Борбор Азия үчүн Суу-энергетика программасы — CAWEP менен "Энергия" координациялык-диспетчердик борборунун ортосунда 3,2 млн доллар өлчөмүндө гранттык келишимге кол коюлду. Каражат Борбор Азияда регионалдык электр энергия рыногун түзүү боюнча баштапкы иштерди колдоого багытталат. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк 2026-жылдын январь айында жактырган "

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетика тармагында жаңы стандарттар жана инновациялык изилдөөлөр башталганын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ош облусу үчүн долбоорлонуп жаткан 220 киловольттук "Исанов" жаңы көмөк чордонун куруу алкагында электр берүү линиялары өтүүчү багыттарды аныктоо үчүн дрондорду колдонуу менен маршруттук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул ыкма абадан жогорку тактыкта сүрөткө жана видеого

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда мектеп окуучуларынын арасындагы эң активдүү окурмандарга 10 млн сум (817 доллар) өлчөмүндө акчалай сыйлык берилерин өлкө президенти жаштар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, кийинки окуу жылы башталганга чейин 100 мыкты чыгармадан турган жыйнак даярдалып, республиканын бардык мектептерине жана техникумдарына жеткирилет. Демилгеге ылайык, эң көп жана сапаттуу китеп окуган окуучулар