«Альянс Алтын» «жашыл» энергетика жана адам капиталына инвестициялоо курсун белгиледи

«Альянс Алтын» «жашыл» энергетика жана адам капиталына инвестициялоо курсун белгиледи

Ысык-Көлдө өткөн VII кыргыз-орус экономикалык форумунда «Альянс Алтын» компаниясы өз ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен тааныштырды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Негизги көңүл Талас районундагы «Жерүй» кичи ГЭСинин курулушуна жана ЖОЖдор менен биргеликте билим берүү демилгелерин баштоого багытталган.

Кубаттуулугу 28 МВтка чейинки диверсиялык ГЭСти куруу боюнча инвестициялык долбоорду «Альянс Гидро» туунду компаниясы ишке ашырууда. Станция ири көлөмдөгү суу ташкындары жок жана дарыянын нугуна сууну толук кайтаруу менен жылына 100 миллион киловатт саатка жакын өндүрүштү камсыз кылат. Курулуштун баасы 39 слн долларга бааланып, анын 25 млн доллары Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат.

Энергетикалык блоктон тышкары компания Кыргыз-Орус Славян университети менен кызматташуу келишимине кол койгон. Документте инженердик-техникалык кадрларды даярдоо, биргелешкен билим берүү демилгелери жана илимий-практикалык долбоорлор каралган.

«Альянс Алтын» стендинде форумдун катышуучуларына Жерүй кениндеги технологиялык чечимдер, колдонулуучу экологиялык стандарттар, коопсуздук системасы жана аймактык колдоо программалары да көрсөтүлдү.

Компания энергетика, өнөр жай жана адамдык капитал тармагындагы туруктуу демилгелерге таянарын жана ошондой эле жаңы стратегиялык өнөктөштүккө ачык экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Алматыдан Караколго авиакаттам ачылды

Алматыдан Караколго авиакаттам ачылды

5-декабрдан тарта Алматы - Каракол түз аба каттамы ачылганы “Кабар” агенттигине “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришкен. Маалыматка ылайык, каттам Кыргызстандын мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы тарабынан ачылган. Жумасына эки ирет - жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.“Аба каттамы азырынча кышкы сезон учурунда гана ачылып жатат. Билеттердин баасы 6500 сом, 39 000 теңге,

МИК 35, 40 кабаттуу 14 үйдү куруп баштады

МИК 35, 40 кабаттуу 14 үйдү куруп баштады

Бишкек шаарынын Достоевский көчөсүндө, Анкара көчөсүнө жакын жайгашкан жерде МИК жаңы объектини куруп баштады. Бул жерде 35 кабаттан турган 10 үй, ошондой эле 40 кабаттан турган 4 үй куруу пландаштырылып жатат. Жалпы батирлердин саны - 4 160 батир. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсынын калк

Мыйзамсыз менчиктештирилген 11,1 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилген 11,1 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абад облусунун Жийде айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Букл тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жалал-Абад облусунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Сузак районуна караштуу Жийде айылында жайгашкан мурдагы профилакторияга тиешелүү 1 140 чарчы метр жер тилкеси жана имараты мыйзамсыз жеке менчикке өткөнү аныкталды. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 11,1

Кыргызстан менен Пакистан энергетика тармагында кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен Пакистан энергетика тармагында кызматташууну кеңейтет

Президент Садыр Жапаровдун 3-4-декабрда Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Пакистан Ислам Республикасынын энергетика министри Сардар Авайс Ахмед Хан Легари менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы энергетика тармагында кызматташууну тереңдетүү,