«Альянс Алтын» жыл башынан бери бюджетин 9.4 млрд сомго толуктады

«Альянс Алтын» жыл башынан бери бюджетин 9.4 млрд сомго толуктады

2015-жылдан 2025-жылдын август айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине жалпы 33 миллиард 766 миллион сом которду. 2025-жылдын алгачкы сегиз айынын ичинде эле салыктык төлөмдөр 9 миллиард 429 миллион сомду түздү, анын ичинен август айында 1 миллиард 746 миллион сом болду. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

«Альянс Алтын» компаниясы аймактарды өнүктүрүүгө активдүү салым кошуп келет. Компания тарабынан «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кармоого карата өндүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн каражаттан 2%» берененин негизинде жергиликтүү фонддорго каражат которулат:

Аталган берененин негизинде 2021-жылдын апрелинен 2025-жылдын август айына чейин жалпысынан 2 миллиард 241 миллион сом которулган

Бул каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

- Талас облусун өнүктүрүү фондуна (50%) тактап айтканда - 1 миллиард 120 миллион сом, анын ичинен 2025-жылдын январь–август айларында- 277 миллион сом, акыркы айда- 53 миллион сом;

- Талас районун өнүктүрүү фондуна (30%) башкача айтканда - 672 миллион сом, анын ичинен 2025-жылдын январь–август айларында — 166 миллион сом, акыркы айда — 32 миллион сом;

- Шумкар-Уя айыл аймагын өнүктүрүү фондуна (20%) – 448 миллион сомду тузсо, анын ичинен 2025-жылдын январь–август айларында -111 миллион сом, акыркы айда- 21 миллион сом.

Компаниянын жалпы экологиялык төлөмдөрү бүгүнкү күндө 471 миллион 790 миң сомду түздү, алардын ичинде:

- Рекультивациялык фондго- 77 миллион 262 миң сом;

- Жер үстүндөгү сууларды пайдалануу үчүн- 143 миллион 504 миң сом;

- Экологиялык эмиссиялар үчүн- 251 миллион сом.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда бир заматта 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкканын South China Morning Post жазды. Жаңы ыкма Цинхуа университетинин окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Ал салттуу катмар-катмар басып чыгаруу ыкмасына эмес, таптакыр жаңы — голографиялык проекция технологиясына негизделген. Бул система тунук идишке жайгаштырылган басып чыгаруу материалын көз ирмемде катуу түзүлүшкө айлантат. Миллиметр өлчөмүндөгү үч

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Ташкентте шаарында Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылган Борбор Азия үчүн Суу-энергетика программасы — CAWEP менен "Энергия" координациялык-диспетчердик борборунун ортосунда 3,2 млн доллар өлчөмүндө гранттык келишимге кол коюлду. Каражат Борбор Азияда регионалдык электр энергия рыногун түзүү боюнча баштапкы иштерди колдоого багытталат. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк 2026-жылдын январь айында жактырган "

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетика тармагында жаңы стандарттар жана инновациялык изилдөөлөр башталганын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ош облусу үчүн долбоорлонуп жаткан 220 киловольттук "Исанов" жаңы көмөк чордонун куруу алкагында электр берүү линиялары өтүүчү багыттарды аныктоо үчүн дрондорду колдонуу менен маршруттук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул ыкма абадан жогорку тактыкта сүрөткө жана видеого

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда мектеп окуучуларынын арасындагы эң активдүү окурмандарга 10 млн сум (817 доллар) өлчөмүндө акчалай сыйлык берилерин өлкө президенти жаштар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, кийинки окуу жылы башталганга чейин 100 мыкты чыгармадан турган жыйнак даярдалып, республиканын бардык мектептерине жана техникумдарына жеткирилет. Демилгеге ылайык, эң көп жана сапаттуу китеп окуган окуучулар