Алтындын баасы бир күндө 5,6 миң сомго кымбаттады
Бүгүн, 7-октябрга карата Улуттук банк алтын куймасынын 1 унциясын (31,1035 грамм) 347 933,5 сомдон кайра сатып алууда. Бул кечээкиге салыштырмалуу 5 615,5 сомго кымбаттаганын көрсөтүп турат.
Ал эми сатуу баасы — 353 152,5 сомду түздү.
Кечээ, 6-октябрда кайра сатып алуу баасы 342 318 сом болгон.