Дүйнөлүк рынокто алтындын унциясы 4 миң доллардан ашты
Алтындын баасы дүйнөлүк рынокто жаңы рекорд коюп, бир унциясы 4000 доллардан ашты. Бул тууралуу Нью-Йорктогу Comex биржасы билдирди.
АКШда 1-октябрдан баштап жаңы финансылык жыл башталганы менен Конгресс бюджетти беките албай, көп мамлекеттик мекемелердин иши убактылуу (шатдаун) токтоду. Бул рынокто белгисиздик жаратып, инвесторлор капиталдарын коопсуз актив болгон алтынга которо баштаган. Экспертердин айымында, бул дагы алтындын кымбатташынын негизги себептеринин бири.
Ошондой эле, пайыздык чен төмөндөшү мүмкүн деген күтүүлөр алтындын кымбатташына таасир берүүдө.