Унаасын камсыздандыргандар унутулган жок
Бишкек шаарындагы “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКнын филиалында жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган жана ОСАГО боюнча камсыздандырылган жарандарга акчалай сертификаттар тапшырылганын “Кабар” улуттук маалымат агенттиги жазды.
Уюм башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбековдун айтымында, ОСАГО жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден тарта бардык жабырлануучуларга төлөмдөр төлөнүп берилген.
“Кыргызстанда 1 миллиондон ашык автоунаа катталса, анын көбү камсыздандырылган. Бүгүн 35 жаранга жалпы суммасы 3,5 миллион сомго жакын төлөмдөр төлөнүп берилди. Ошондой эле жыл башынан бери 350 миңден ашык жаран ОСАГО полисин алган. Аларга жалпысынан 43 миллион сом төлөндү. Полис алган айдоочулардын саны күн санап өсүүдө”, —деген Калдарбеков.
Аталган уюм жарандардын кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлгөндүктөн, акчалай төлөмдөр өлкөнүн башка аймактарында да жүргүзүлүп жатканы да айтылат маалыматта.