“Союлган” унааларды киргизүүгө тыюу салынды

“Союлган” унааларды киргизүүгө тыюу салынды

Кыргызстанга унаалардын кузовдорун алып келүүгө убактылуу тыюу салынганын Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

 Эске салсак буга чейин Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 7-мартындагы №121-токтому менен M1 категориясындагы (жеңил автоунаалар) транспорт каражаттарынын кузовдорун алып келүүгө биринчи жолу убактылуу тыюу салынган. Эми 3-октябрдагы МинКабдын жаңы токтому менен бул чаранын мөөнөтү дагы алты айга узартылды.

Өкмөттүн мындай чечими кузовду алмаштыруу деген жүйө менен бажы тариздөөдөн өтпөгөн унааларды мыйзамсыз легалдаштыруулардын көбөйүшүнө байланыштуу кабыл алынган. Ошондой эле ар кандай тетиктерден чогултулган, техникалык жана укуктук талаптарга жооп бербеген автоунаалардын пайдаланууга чыгып жатышы да убактылуу тыюу салууга себеп болгон. 

Бул токтомду ишке ашыруу бажы жана салык төлөмдөрүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, автоунаалардын көмүскө жүгүртүүсүн кыскартууга, алардын эксплуатациясынын коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБалдындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда бир заматта 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкканын South China Morning Post жазды. Жаңы ыкма Цинхуа университетинин окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Ал салттуу катмар-катмар басып чыгаруу ыкмасына эмес, таптакыр жаңы — голографиялык проекция технологиясына негизделген. Бул система тунук идишке жайгаштырылган басып чыгаруу материалын көз ирмемде катуу түзүлүшкө айлантат. Миллиметр өлчөмүндөгү үч

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Ташкентте шаарында Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылган Борбор Азия үчүн Суу-энергетика программасы — CAWEP менен "Энергия" координациялык-диспетчердик борборунун ортосунда 3,2 млн доллар өлчөмүндө гранттык келишимге кол коюлду. Каражат Борбор Азияда регионалдык электр энергия рыногун түзүү боюнча баштапкы иштерди колдоого багытталат. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк 2026-жылдын январь айында жактырган "

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетика тармагында жаңы стандарттар жана инновациялык изилдөөлөр башталганын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ош облусу үчүн долбоорлонуп жаткан 220 киловольттук "Исанов" жаңы көмөк чордонун куруу алкагында электр берүү линиялары өтүүчү багыттарды аныктоо үчүн дрондорду колдонуу менен маршруттук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул ыкма абадан жогорку тактыкта сүрөткө жана видеого

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда мектеп окуучуларынын арасындагы эң активдүү окурмандарга 10 млн сум (817 доллар) өлчөмүндө акчалай сыйлык берилерин өлкө президенти жаштар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, кийинки окуу жылы башталганга чейин 100 мыкты чыгармадан турган жыйнак даярдалып, республиканын бардык мектептерине жана техникумдарына жеткирилет. Демилгеге ылайык, эң көп жана сапаттуу китеп окуган окуучулар