Ысык-Көлдөн быйыл 9 айда 7 тонна таштанды алынды
“Биринчи радиого” берген маегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматынын жетекчиси Сабыржан Аламанов 2025-жылдын 9 айында Ысык-Көлдөн 70 200 метр балык уулоочу тор жана 7 тонна таштанды чыкканын билдирди.
Суучулдар кызматы Көлдөн 2023-жылы 22 тонна, 2024-жылы 12 тонна таштанды алып чыккан. С.Аламановдун айтымында, таштандылар негизинен 3-40 метр тереңдикте тазаланат. Браконьерлер торлорду түнкүсүн жайгандыктан суучулдар текшерүүгө, тазалоого түн ичинде чыгышат.
Суучулдар таштандыдан сырткары айрым учурда өткөн кылымдардагы эски буюмдарды да таап алышып музейге өткөргөн учурлар болот.