Кыргызстанда 15 түрдөгү дары чөптөрдү өстүрүүгө уруксат берилет

Кыргызстанда 15 түрдөгү дары чөптөрдү өстүрүүгө уруксат берилет

Кыргызстандыктарга 15 түрдөгү дары чөптөрдү өстүрүүгө жана культивациялоого уруксат берүү пландалып жатканын ЖКнын отурумунда "Өсүмдүктөрдү коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Агротүшүмдү өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору талкууланган учурда белгиленди.

Айыл чарба министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, сөз валериана, календула, шалфей, шафран, ак сасыр, аконит, арнебия, кызыл радиола, кызыл мия, чычырканак, шиповник, барбарис, чабрец, ромашка, чай чөп сыяктуу өсүмдүктөр тууралуу болууда.

"Мисалы, ак сасырга (ферула) суроо-талап бар, ошондуктан адамдар үй шартында аны сатуу максатында өстүрүп жатышат. Баасы абдан жакшы — килограммы 200доллардан 500 долларга чейин, жана бул кирешелүү бизнес. Жалгыз Баткен облусунда гана ак сасырды тамчылатып сугаруу жолу менен өстүргөн үч участок бар", — деп кошумчалады ал.

Депутат Жылдыз Садырбаева 15 түрдө токтоп калбастан, дары чөптөрдүн тизмесин кеңейтсе болорун белгиледи.

Анын кесиптеши Камила Талиева болсо, тизмеде аконит да бар экенин белгилеп, "Бул уулуу өсүмдүк, аны үй шартында өстүрүүгө уруксат берүү болбойт. Анын туура эмес колдонулушу адамдардын ууланышына алып келиши мүмкүн, бул өтө кооптуу. Бул үчүн өзүнчө жөнгө салуу керек", — деди.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media