Бишкекте максатына ылайык колдонулбаган объектилер бузулууда

Бишкекте максатына ылайык колдонулбаган объектилер бузулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан максатына туура келбеген  объектилерди демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул иштер борбор калаанын мэриясынын чечиминин негизинде аткарылып жаткандыгын шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Салтанат жана Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, аянты 0,173 гектар болгон жер тилкесинде жайгашкан объектилер бузулууда. Аталган жер тилкеси мурда автоунаа токтотуучу жай катары берилген, бирок иш жүзүндө авто тетиктерди сатуу үчүн колдонулуп жаткан.

Бишкек шаарынын мэриясы жер тилкелери мыйзамда көрсөтүлгөн уруксат берилген ишмердүүлүккө гана колдонулушу керектигин эскертет.  

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 10 миң көчөт отургузулат

Бишкекте 10 миң көчөт отургузулат

Бишкекте борборду масштабдуу жашылдандыруу кампаниясына даярдыктар башталды. Мэриядан билдиргендей күзгү көчүрүү сезонунун алкагында шаарда 10 миң бак жана бадалдарды отургузуу пландалып жатат.  Мындай чечим шаардын экологиялык кеңешинин жыйынында кабыл алынган. Жашылдандырууда негизги көңүл мектеп, бала бакча жана аларга жакын зоналарга бөлүнөт.  “Бишкекжашылдандыруу” муниципалдык мекемеси жашылдандыруу схемасын пландап, белгилерди коюп, чуңкурчаларды

Камсыздандыруу төгүмдөрү 6 жылда эки эсе көбөйдү

Камсыздандыруу төгүмдөрү 6 жылда эки эсе көбөйдү

Мамлекеттик салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 2019-жылдан берки көрсөткүчтөрүн коомчулуккка чыгарды. Маалыматта 6 жыл ичинде камсыздандыруу төгүмдөрү эки эсе өскөнү көрсөтүлгөн.   Мисалы:  2019-жылы — 32,4 млрд сом; 2020-жылы — 33,1 млрд сом; 2021-жылы — 38,3 млрд сом; 2022-жылы — 51,7 млрд сом; 2023-жылы — 64,3 млрд сом; 2024-жылы — 74,08 млрд

"Коопсуз шаар" системасынын видеокамералары дагы көбөйөт

"Коопсуз шаар" системасынын видеокамералары дагы көбөйөт

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен акыркы 3 жылда өлкөдө видеокамераларды масштабдуу орнотуу жүргүзүлгөнүн Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.  Бүгүнкү күндө “Коопсуз шаар” системасы боюнча: Бишкекте – 651; Баткен облусунда–248; Ысык–Көл облусунда 283; Манас облусунда – 205; Нарында–207; Ош шаарында – 57; Ош олусунда – 115; Талас облусунда

Саламаттык сактоо тармагын каржылоо 130 млрд сомго жетет

Саламаттык сактоо тармагын каржылоо 130 млрд сомго жетет

2030-жылга чейин саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону 130 млрд сомго жеткирүү пландалып жатканын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүнРеспубликалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын жаңы балдар имаратынын ачылышында билдирди.   Анын айтымында, өлкөдө буга чейин жылына 600гө жакын объект курулса, 2025-жылы мамлекеттик каржылоонун эсебинен 3 миңден ашуун объект курулат жана анын 32си медициналык