Кыргызстанда былтыр үй канаттуулары 8,6 миллионго жетти

Кыргызстанда былтыр үй канаттуулары 8,6 миллионго жетти

2025-жылы Кыргызстанда үй канаттууларынын саны 8,6 миллионго жеткенин  Улуттук статистика комитети билдирди.

2025-жылдын аягында:

  • Ири мүйүздүү мал — 1 млн 859 миң баш (өсүш 1,7%), анын ичинде уйлар — 934 миң 881 баш (өсүш 1,8%).
  • Кой жана эчки — 6 млн 331,6 миң баш (өсүш 0,8%). Анын 71%ы — туут мал.
  • Жылкы — 565 миң 971 баш (өсүш 2,3%).
  • Үй канаттуулары — 8 млн 650 миң баш (өсүш 11,9%).
  • Топоз — 66 миң 858 баш (өсүш 8,2%).
  • Чочко — 27 миң 274 баш (өсүш 2,4%).
Мындан тышкары, чарбаларда 23 миң 751 эшек, 11 миң 290 коён жана 217 төө бар.
Үй канаттууларынын эң көп саны Чүй облусунда топтолгон — жалпы көрсөткүчтүн болжол менен 40%ы. Андан кийин Жалал-Абад облусу жана Ош облусу турат.

Ири мүйүздүү малдын көбү Ош (22%), Жалал-Абад (21%) жана Чүй (17%) облустарында.

Кой жана эчки боюнча лидерлер — Жалал-Абад (22,5%), Нарын облусу (17,7%) жана Ош (17,3%). Чүй облусунда алардын саны 4,6%га өскөн, ал эми Нарын облусунда 0,8%га кыскарган.

Нарын облусу жылкы (жалпы санынан 26,3%) жана топоз (47,1%) багуу боюнча лидерлигин сактап калды.

Өзүнчө жайгашкан объектилерде ( кыштоолордо) малдын олуттуу бөлүгү кармалат. Жалпы чочколордун 57%ы, үй канаттууларынын 45%ы жана жылкылардын болжол менен 18%ы ушундай жайларда багылат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media