JDS 2025 Программасы боюнча маалыматтык семинар болду

КРнын Экономика жана коммерция министрлигинде мамлекеттик кызматкерлер үчүн JDS 2025 Программасы боюнча маалыматтык семинар болуп өттү.
Аталган министрликтин маалыматына караганда, семинардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы JICA JDS долбоорунун улук ассистенти Аида Жапарова. JDS Программасы жөнүндө толук маалымат берип, квалификациялык талаптарды, тандоонун бардык этаптарын ийгиликтүү өтүү үчүн сунуштарды түшүндүрүп берди.
JDS программасы - адам ресурстарын өнүктүрүүнү колдоо жана Япония менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатында жаш мамлекеттик кызматкерлерге Японияда академиялык даража алууга жардам берген стипендиялык программа болуп саналат.