Күн батареялары электр энергиясын үнөмдөөгө өбөлгө

Күн батареялары электр энергиясын үнөмдөөгө өбөлгө

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКы Бишкек шаарындагы беш кабаттуу административдик имаратынын чатырына күн панелдерин орнотуп, электр энергияга болгон муктаждыгын 30%га чейинки жабууга жетишкенин мекеменин басма сөз кызматы таратты.

Билдирүүгө караганда, бул имаратта Энергетика министрлиги, «Кыргыз энергетикалык эсеп борбору» ААКы, «Курулуп жаткан электр станцияларынын дирекциясы» ААКы жана башкалар жайгашкан.

Күн панелдери орнотулгандан бери имараттын электр тармагынан керектеген электр энергия көлөмү туруктуу түрдө кыскарып, жайкысын керектөөнүн 30%га чейинки бөлүгү күн панелдери камсыздап жатат.

Эске салсак, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКы имараттын чатырына күн панелдерин былтыр орноткон жана ошол убактан бери натыйжалуулугун көрсөтүүдө. Учурда республика боюнча 6 электр тармактар ишканасында жана райондук электр тармактарынын административдик имараттарында орнотулган.

Мындан тышкары окуңуз

"Бир айыл – бир продукт": 2025-жылдын мыкты продукциялары тандалды

"Бир айыл – бир продукт": 2025-жылдын мыкты продукциялары тандалды

9-февралда Экономика жана коммерция министрлигинде "Бир айыл – бир продукт" улуттук экономикалык долбоорунун алкагында 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча "Мыкты улуттук бренд" сынагына катышуучу продукцияларды тандоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйында БАБП бренди менен сертификацияланган 7 облусунан 60тан ашуун продукция каралды. Алардын

Кара-Суу районунда суу каналдары тазаланып жатат

Кара-Суу районунда суу каналдары тазаланып жатат

Ош облусунун Кара-Суу районунда сугат каналдары тазаланып, Ош шаарын аралап өткөн каналдар иретке келтирилип айрым бөлүктөрү бетондолуп жатат. Мыйзамсыз курулуштар алынгандан кийин суу жээктери бошоп, тазалоо иштерине техникалардын киришине мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан сырткары суу бөлүштүрүү жайларында капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары аткарылууда. Суунун агымына тоскоолдук жараткан бак-дарактар кыйылып, ылай таштандылар тазаланып жатат.

Россияда 66 кыргызстандыкка төлөнбөй калган айлык акы төлөнүп берилди

Россияда 66 кыргызстандыкка төлөнбөй калган айлык акы төлөнүп берилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын 66 адамдан турган жамааттык кайрылуусу боюнча ПСО "Газспецстрой" ЖЧКсы менен зарыл иш-чараларды жүргүздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына толук көлөмдө 1 000 000 рубль

Алма көчөттөрүнөн кантип мол түшүм алса болот?

Алма көчөттөрүнөн кантип мол түшүм алса болот?

Бүгүн Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин багбанчылык боюнча адиси Нурубек Малабаев М9 карлик көчөтүнүн тамырына уланган алма көчөттөрүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. Карлик көчөт тамырлары интенсивдүү багбанчылык үчүн колдонулат, бирок мындай бактарды 1 гектарга отургузууда чыгымдар бир топ жогору болот. Ошондуктан,