М. Тургунбаев: Климаттын өзгөрүшү каржы системасына таасир этет

М. Тургунбаев: Климаттын өзгөрүшү каржы системасына таасир этет

Климаттын өзгөрүшү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө гана эмес, өлкөнүн каржы системасына да көбүрөөк таасирин тийгизет. КРнын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаевдин социалдык баракчасында калтырган билдирүүдө, кургакчылык же нөшөрлөгөн жамгыр бааларга, фермерлердин кирешесине жана кредиттик суроо-талапка таасир этээри айтылган.

“Улуттук банк инфляция жана валюта курсунун серпилүүсү менен катар эле климаттын бузулушун негизги тобокелчилик катары эсептейт. Ушуга байланыштуу, 2026-жылга чейин банктар кредиттөөдө климаттык тобокелдиктерди эске алып, “жашыл” финансылык продуктыларды өнүктүрүүгө милдеттүү, - дейт М.Тургунбаев.

 Ошондой эле КРУБ төрагасы ПРООН жана Кыргызстандын Жашыл Климат Фонду биргелешип, «жашыл» кредиттөө жана аба ырайына байланыштуу камсыздандыруу системасын түзүп жаткандыгын билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң