Ислам банк иши жана каржылоо принциптери тууралуу токтом кабыл алынды

КРнын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 8-октябрында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомун кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, токтомдун максаты Улуттук банктын тиешелүү лицензиясына/күбөлүгүнө ээ банктар, микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан колдонулшу мүмкүн болгон ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келишимдердин тизмегин кеңейтүү саналат.
Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк жөнүндө/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.