РКӨФ “Жууку” курорттук аймагын оңдоп-түзөөдө

РКӨФ “Жууку” курорттук аймагын оңдоп-түзөөдө

Ысык-Көлдүн кооз капчыгайларынын бириндеги «Жууку» курорттук-ден соолукту чыңдоо комплексин реконструкциялоо жана кеңейтүү долбоору башталды. Бул долбоор Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул тууралуу аталган фонддун расмий сайтында маалымдалган.

Маалыматта белгиленгедей, 2 гектар аянтка жайгашкан термалдык булак комплекси совет доорунан бери иштеп, Кыргызстандын тургундарына жана конокторуна жакшы белгилүү. Бул жерди заманбап оңдоп-түзөө үчүн фонд 30 млн сом бөлүп берген.

«Алгачкы этапта эле курорт 50 конок кабыл ала алат. Алар биринчи класстагы эс алууга жана ден соолукту чыңдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. «Жууку» комплексин реконструкциялоо Ысык-Көл облусунда жыл бою туризмди өнүктүрүүнүн маанилүү элементи болуп калат»-деп РКӨФ Башкармасынын төрагасы А.Новиков белгилеген.

Мындан сырткары долбоорго ылайык, жабык бассейндерди оңдоп, дарылык касиетке ээ суусу бар жаңы ачык бассейнди куруу пландаштырылууда.  

Мындан тышкары окуңуз

Эски автовокзалдар унаа токтотуучу жай болобу?

Эски автовокзалдар унаа токтотуучу жай болобу?

Бишкекте муниципалитеттин демилгеси менен өткөн Жол кеңешинде эски автовокзалдардын аймагын башка аймактардан келген айдоочулар үчүн унаа токтотуучу жайга айландыруу сунушталды. Жыйында айтылгандай, Ивановка же Кара-Балтадан келген айдоочу шаарга келип, унаасын базарларда же борбордо күн бою калтырат. Ошондуктан автоунааларды мурдагы автовокзалдардын аймагына токтотуп, андан ары коомдук транспорт менен жүрүүнү уюштуруу керектиги

Быйыл асыл тукум мал багууга 2 млрд сом насыя 3% менен берилет

Быйыл асыл тукум мал багууга 2 млрд сом насыя 3% менен берилет

Быйыл “Асыл тукум” программасынын алкагында асыл тукум мал багууга 2 млрд сомдун тегерегинде насыя 3%дык чен менен берилрин суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө асыл тукум мал чарбасы статусун алган 180ден ашык чарба

Кыргызстанда былтыр үй канаттуулары 8,6 миллионго жетти

Кыргызстанда былтыр үй канаттуулары 8,6 миллионго жетти

2025-жылы Кыргызстанда үй канаттууларынын саны 8,6 миллионго жеткенин  Улуттук статистика комитети билдирди. 2025-жылдын аягында: * Ири мүйүздүү мал — 1 млн 859 миң баш (өсүш 1,7%), анын ичинде уйлар — 934 миң 881 баш (өсүш 1,8%). * Кой жана эчки — 6 млн 331,6 миң баш (өсүш 0,8%). Анын 71%

Ошто бир суткада 3 вице-мэр иштен кетти

Ошто бир суткада 3 вице-мэр иштен кетти

Ош шаарынын мэринин үч орун басары кызматтан кеткенин муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин төмөнкү орун басарлары өздөрүнүн арызына ылайык, ээлеген кызматтарынан бошотулду: * Адилет Шаршеналы уулу — мэрдин биринчи орун басары; * Мирлан Казыбай уулу — мэрдин орун басары; * Сонунбек Жунусбаев — мэрдин орун басары.