79,20 млн сом жеңилдетилген кредит каржыланды

79,20 млн сом жеңилдетилген кредит каржыланды

Майда товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы тескемеси менен “Бириккен товар өндүрүүчүлөрүн каржылоо” долбоору бекитилген.

Финансы министрлигинен кабарлашкандай, аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда. Аларды кредиттөөнүн көлөмү 2 200,0 млн. сом суммасын түзөт.          

2025-жылдын 2-октябрына карата бул Долбоордун алкагында республика боюнча 12  каржылоо субъекттерине 79,20 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредит каржыланды.                                   

Мындан тышкары окуңуз

Статком: ЕАЭБ өлкөлөрүндө баалар жана тарифтер жогорулаган

Статком: ЕАЭБ өлкөлөрүндө баалар жана тарифтер жогорулаган

2025-жылдын сентябрында өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Ал эми Кыргызстанда баанын өсүшү (0,4%га) белгиленди. 2025-жылдын сентябрында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (10,0 %) Казахстан Республикасында катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (9,9 %га), азык-түлүк эмес

БА жана Индия коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусу болду

БА жана Индия коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусу болду

КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы алдында Борбор Азия жана Индия форматындагы коопсуздук кеңештеринин катчыларынын / улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин үчүнчү жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин расмий сайтында маалымдалды. Бул көп тараптуу формат тынчтыктын жана туруктуулукту чыңдоонун кызыкчылыгында кеңири аймактык өз ара аракеттенүүнүн уландысы болуп саналат, ошондой эле коопсуздуктун

Мыйзамсыз токтомдорду чыгарган бажы кызматкери  айыпка жыгылды

Мыйзамсыз токтомдорду чыгарган бажы кызматкери айыпка жыгылды

Бажы органынын кызматкери укук бузуу фактысы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын жүргүзгөн текшерүүсүнүн натыйжасында Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан «А» ишкердик субъектисине карата бажы декларациясын берүү мөөнөтүн бузгандыгы үчүн ар бир учур боюнча 5 000 сом айып салуу тууралуу 19 токтом чыгарылганы аныкталды. Бирок

Ломбарддардын уставдык капиталы 70 млн сомдон жогору болот

Ломбарддардын уставдык капиталы 70 млн сомдон жогору болот

Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тарта ломбарддардын минималдык капиталы 7 млн сомдон кем эмес болушу керек деген талапты бекитүүнү сунуштады.   Аталган ведомствонун билдиришинче ломбарддардын уставдык капиталын көбөйүшү алардын төлөө жөндөмүн жогорулатып, потенциалдык чыгымдарды жабуусун жакшыртат. Жана бул мамлекеттин ломбард рыногун натыйжалуу көзөмөлдөөгө, көмүскө схема менен күрөшкөнгө шарт түзөт.   Муну