Бүгүн КРнын Эсептөө палатасынын түзүлгөн күнү белгиленди

19-октябрь — КРнын Эсептөө палатасынын түзүлгөн күнү. Эсептөө палатасы 1996-жылдын октябрында, КРнын ЖКнин 1992-жылдын 6-мартындагы токтомуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы” жөнүндө мыйзамдын негизинде түзүлгөн. Эсептөө палатасынын маалымат кызматынан билдиргендей, бүгүн бул датага байланыштуу иш чара уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында Эсептөө палатасынын төрагасынын буйругунун негизинде мекеменин ишине үзүрлүү салым кошкон, көп жылдык эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү менен айырмаланган кызматкерлер эмгек сыйлыктары менен сыйланышты. Алардын арасында «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ардактуу кызматкери» медалынын, «Үлгүлүү кызматкер» медалынын бир нече даражаларынын жана Ардак грамотанын ээси болгон кызматкерлер бар. Ошондой эле бир катар кызматкерлерге ыраазычылык каттар тапшырылды.
Бул сыйлыктар ар бир кызматкердин мамлекеттин каржы тармагындагы ачык-айкындыкты камсыздоого кошкон салымын жана Эсептөө палатасынын жамаатынын бирдиктүү, жоопкерчиликтүү ишин дагы бир жолу тастыктады.

