Финансы министрлигинде жаңы дайындоо

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары болуп - Акжолов Нурбек Акжолович дайындалды. Мында билдирүүнү министрликтин басма сөз кызматы жарыялады.
Нурбек Акжолов - КРнын Финансы министрлигинин системасында 2009-жылдан бери эмгектенет жана 16 жыл бою эл аралык финансы мамилелери чөйрөсүндө адистен баштап башкармалыктын начальнигине чейинки ар кандай кызматтарды аркалаган.
Ал Финансы жана кредит багыты боюнча жогорку билимге ээ, ошондой эле Япониянын алдыңкы университеттеринде бизнес башкаруу магистри (MBA) даражасын алган, “Тышкы жардамдын КРнын экономикалык өсүшүнө тийгизген таасири” темасында изилдөө жүргүзгөн.
