Санариптешүү - кант кызылчасын өндүргөн дыйкандардын түйшүгүн азайтууда

Санариптешүү - кант кызылчасын өндүргөн дыйкандардын түйшүгүн азайтууда

Кант кызылчасын өндүрүүчүлөрдүн күнүмдүк жашоо-турмушун жеңилдетүү максатында алардын Кант заводу менен байланышы мурдагыдай убакытты жана кыймыл аракетти талап кылбай - иреттүү маалымат технологияларын колдонуу менен ишке ашырылып калган. «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» кант заводдорунун директорлор кеңешинин мүчөсү Руслан Рафибеков, кант кызылчасын өндүрүүчүлөргө ыңгайлуу болсун үчүн атайын тиркеме үзгүлтүксүз иштеп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, мобилдик тиркеме бир нече жылдан бери бар жана ал жыл сайын жаңыланып турат.

“Бизде бардык жерде электрондук тараза бар. Ага ылайык, кант кызылчасы менен келген машина кызылчаны кабыл алуучу пункттан чыгып кетээри менен фермер тиркемеси аркылуу бул машиненин параметрлерин көрө алат. Башкача айтканда машинедеги кызылчанын жалпы салмагынан баштап, анын кирдүүлүгү, шекердүүлүгүн да көрүүгө болот”.

Ошондой эле, тиркеме аркылуу фермер үйүнөн чыкпай туруп эле, кант кызылчасынын уругун сатып ала алат жана каалаган өлчөмдө шекерин сатууга да мүмкүндүгү бар.

“Быйыл биздин адистер электрондук кезекке турууну модернизациялап, иштеп чыгышты. Анткени былтыр тажрыйба көрсөткөндөй ири көлөмдөгү кызылча өндүрүлгөн кезде, аябай узун кезек болуп, көйгөй жаратты. Машинеге суроо талап өсүп, дефицит болуп, ошого жараша баалар да кымбаттап, былтыр кыйын болгон. Ошондуктан ушул электрондук кезектин долбоору быйыл иштелип чыгып, элдер ошонун негизинде кезекке туруп жатышат. Мындан кийин дагы бул тиркемени жакшыртып фермерлерге ыңгайлуу кылып, иштете беребиз.” – деп билдирди «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» кант заводдорунун директорлор кеңешинин мүчөсү Руслан Рафибеков.

Анын айтымында, жыл сайын аталган эки кант завод менен 3 минге жакын фермер келишим түзөт. Бул көп. Бирок, ушул санариптик автоматташтырууга ылайык, эч көйгөйсүз фермерлер менен контракт түзүлүп, урук сатып алуунун баардык этабы үйдөн чыкпай эле автоматтык турдо ишке ашырылып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары