"Бишкек жылуулук тармагы" жаңы техника менен камсыздалды

"Бишкек жылуулук тармагы" жаңы техника менен камсыздалды

Бүгүн "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасына атайын техникалар тапшырылды. Иш-чара шаардын жылуулук системасынын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган атайын долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жаңы шаймандар жылуулук тармагын тейлөөнүн сапатын, коопсуздугун жогорулатып,  шаар үчүн кызмат кыла тургандыгын белгиледи. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул долбоор Дүйнөлүк банктын – Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын колдоосу  менен ишке ашырылууда. Анын жалпы баасы 37,9 миллион доллар болсо, 8 миллион доллары грант катары берилген.

Бүгүнкү күндө ишканага 27 автоунаа жана 33 атайын техника, анын ичинде жүк ташуучу крандар, экскаваторлор, асфальт кесүүчү жана бетон аралаштыргыч жабдуулар, мобилдик генераторлор жана жылуулук тармактарын эффективдүү тейлөөгө зарыл болгон башка жабдуулар бар.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары