УТРКга жаңы башкы директор дайындалды

УТРКга жаңы башкы директор дайындалды

КРнын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Болотбек Тиллебаев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорлук кызматынан бошотулду.

УТРКнын маалыматына ылайык, анын ордуна Уланбек Сатиев башкы директор болуп дайындалды.

Уланбек Сатиев бул дайындоого чейин УТРКнын башкы директорунун орун басары, ага чейин ондогон жылдар бою өлкө жетекчисинин расмий, жеке оператору болуп иштеп келген.

Мындан тышкары окуңуз

Түрк инвенстициялык фонду 2026-жылы долбоордук ишин баштайт

Түрк инвенстициялык фонду 2026-жылы долбоордук ишин баштайт

Бишкекте Түрк инвестициялык фондунун Башкаруучулар кеңешинин экинчи жыйыны өткөнүн Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө фонддун долбоордук ишмердүүлүгү расмий түрдө 2026-жылдын биринчи чейрегинде баштала турганы тууралуу чечим кабыл алынды. Бул стратегиялык демилгелерди ишке ашырууда жана уюмдун практикалык ишин баштоодо маанилүү этап болуп саналат. Жыйында катышуучулар фонддун практикалык ишмердүүлүгүн

Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу пайдаланууга берилет

Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу пайдаланууга берилет

Кыргызстандагы климаты катаал, тоо арасында жайгашкан Зардалы айылына барчу Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу жакынкы күндөрү пайдаланууга берилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматта айтылгандай, 17,5 чакырымды түзгөн жолдо кеңейтүү жана тегиздөө иштери аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрөнүн 95%ы

Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры толук оңдолду

Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры толук оңдолду

Маданият министрлигинин маалыматына караганда, капиталдык оңдоо 1972-жылдан бери биринчи жолу жүргүзүлдү. Жаңылоо мезгилинде инженердик системаларды модернизациялоо, ички имараттарды оңдоо, кичи жана чоң залдарды, вестибюль менен фойени реконструкциялоо, отургучтарды, витраждарды, терезе блокторун, чатырды жаңылоо, ошондой эле административдик бөлмөлөрдү оңдоо сыяктуу комплекстүү иштер аткарылды. Ремонтко жалпы 320 миллион сом жумшалган. 2025-жылдын 6-декабрында

Илон Маск Евробиримдикти жоюуну талап кылды

Илон Маск Евробиримдикти жоюуну талап кылды

Миллиардер Илон Маск өзүнүн социалдык баракчасында Евробиримдик тууралуу нааразычылыгын билдирип, аны жоюуну талап кылды. Ишкердин пикиринде, бул уюм ага мүчө мамлекеттерге өз элдеринин кызыкчылыгын туура "көрсөтүүгө" бөгөт коёт. Буга чейин ал ЕБни сынга алып, бюрократия "Европаны муунтуп жатат" деп жазганын "Известия" басылмасы кабарлады. Кызыгы,