Дүйнөлүк банк экосистемаларды калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтөт

Дүйнөлүк банк экосистемаларды калыбына келтирүүгө  колдоо көрсөтөт

Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен “Жаратылыш ландшафттарын туруктуу калыбына келтирүү” долбоорун ишке ашыруу миссиясы уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусундагы долбоордук аймактарга жеринде таанышуу уюштурулуп, калкты табигый кырсыктардан коргоо максатында жүргүзүлө турган жээк бекемдөө жана селге каршы иштер талкууланды. 

Сапардын жүрүшүндө техникалык-экономикалык негиздеме жана долбоордук-сметалык документация даярдоого байланыштуу техникалык маселелер талкууланып, адистер дамбалардын учурдагы абалын жана алдыңкы инженердик иштердин планын карап чыгышты. 

Жалпысынан долбоордун алкагында сел жана суу ташкындарынын таасирине дуушар болгон 21 участокту реконструкциялоо пландалууда. Бул иш-чаралардын жыйынтыгында 4000ден ашуун үй-бүлө жана 5500 гектар айыл чарба жери сел жана суу ташкын коркунучтарынан корголмокчу.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары