Инновациялык борбор “U Nexus Hub” ачылды

КРнын Эл аралык университетинде “U Nexus Hub” инновациялык борбору ачылды.
Иш-чарага КР Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Равшанбек Сабиров катышып, “U Nexus Hub” таланттуу студенттерди, бүтүрүүчүлөрдү, илимий кызматкерлерди жана ишкерлерди тартуу борбору болуп, жаңы идеяларды иштеп чыгууга, аларды коммерциялаштырууга жана өлкөнүн экономикасына интеграциялоого көмөктөшөөрүн белгиледи.
Бул борбор «Университет 4.0» концепциясынын алкагында билим, илим жана бизнести бириктирет. Тартылган инвестициялар инфраструктураны модернизациялоого, окуу процессин санариптештирүүгө жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга багытталган.
Долбоорго Түштүк Кореянын университети Soon Chun Hyang University, катышууда.



