Улуттук илимдер академиясына 26 атайын кызматтык унаа тапшырылды

Улуттук илимдер академиясына 26 атайын кызматтык унаа тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук илимдер академиясына (УИА) 26 бирдик атайын кызматтык автотранспорт каражатын тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалар УИАнын илимий мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында сатып алынып, археологиялык, геологиялык, геофизикалык, биологиялык жана башка талаа илимий-экспедициялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталат. Автотранспорт каражаттары 44 млн 800 миң сомгоалынган.

Тапшыруу аземинде Эдил Байсалов мамлекет тарабынан Улуттук илимдер академиясына туруктуу колдоо көрсөтүлүп жатканын белгилеп, имарат толук жаңыланганын, кызматкерлердин айлык маянасы эки эсеге жогорулаганын айтты. Анын айтымында, жаңы унаалар өлкөнүн алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарында илимий изилдөөлөрдү жана экспедициялык иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык тапшырмаларды аткарууга шарт түзөт.

Ошондой эле ал мамлекет илим тармагын өнүктүрүүгө мындан ары да өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, стратегиялык милдеттерди ишке ашырууда илим чөйрөсүнөн инновациялык чечимдерди жана экономиканын өсүшүнө реалдуу салым күтүлөрүн билдирди.

Өз кезегинде Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн мамлекеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен